АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-марты № 2/3
Ак-Моюн айыл өкмөтүндө турган акча каражатынан комбайн алуу жана “Тамчы-Булак” балдар бакчасынын жер төлөөсүнүн күн чыгыш тарабын ижарага берүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясы
жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүндөгү акча каражатына элдин сунушу менен комбайн алынсын жана комбайн алуудан үнөмдөлгөн акча каражаты спорт комплекс курууга жумшалсын.
2.“Тамчы-Булак” балдар бакчасынын жер төлөөсүнүн күн чыгыш тарабы Ак-Моюн айылынын тургуну Нуралиев Шайлообекке 5 жылга ижарага берилсин.
3.Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Асаналиев |