Редакцияот 04.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

2024-жылы 04-марты №215

 

« Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу мамлекеттик фонддун жерлерин

ижарага берүү тартибин аныктоочу комиссиянын курамын бекитүү

жөнүндө »

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III ”Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу ” токтому менен бекитилген, “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобого ылайык, Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын  кезексиз  XXVI сессиясы токтом кылат:

 

          1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу мамлекеттик фонддун жерлерин

 ижарага берүү тартибин аныктоочу комиссиянын курамы тиркемеге ылайык

 бекитилсин.(Тиркеме тиркелет.)

          2. Бекитилген комиссиянын курамына «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого” ылайык мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.

          3. Үч-Терек,Саргата айылдарынын тургундарына 0,40 га дан жана Кызыл-Ураан, Жетиген айылдарынын тургундарына 1гадан ашпаган чектөө менен тооруктун негизинде “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун” жерлерин ижарага алууга макулдук берилсин.

          4. Тоорук жүргүзүүнү мыйзам чегинде өткөрүү жана жергиликтүү гезиттерге, айыл өкмөттүн расмий сайтына, соц. тармактарга жарыялоону уюштуруу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевге милдеттендирилсин .

          5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

          6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

          7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин

төрагасы :

 

А.Дөөлөткелдиев

 

 

 

2024-жылдын 04-мартындагы Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясында кабыл

алынган  №215 Токтомуна

 №1-тиркеме

 

Үч-Терек айыл өкмөтүндө жер маселелери боюнча түзүлгөн комиссиянын

 

КУРАМЫ:

 

1. Дөөлөткелдиев Аскар- Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы,комиссиянын төрагасы

2.Келгенбаев Майрамбек - айыл өкмөттүн жер адиси, комиссиянын катчысы

 

Мүчөлөрү:

3. Көкөев Курсант -айыл өкмөттүн башчысынын орун басары

   4.  Сыдыков Талант-Саргата айылынын айыл башчысы

 5.  Кошоев Абдылдабек  –Жетиген айылынын айыл башчысы

6. Жолдошбек уулу Шамалбек -Кызыл-Ураан айылынын айыл башчысы

 7.  Урматаев Тагайбек- айылдык  кеңештин  депутаты

8. Сурбашова Нургүл - айылдык кеңештин депутаты

9. Аманбай уулу Жоомарт-Үч-Терек айылынын тургуну, жарандык коомдун мүчөсү

10.Мырзабеков Шайымкул - айылдык  кеңештин  депутаты

11. Турдукулов Куралбек -  айылдык  кеңештин депутаты

12.Мундузбаев Эсенбек- Саргата айылынын тургуну, жарандык коомдун мүчөсү

13.Утанов Умар-   айылдык  кеңештин депутаты

14.Дооронов Сыргабек Кызыл-Ураан айылынын тургуну, жарандык коомдун мүчөсү

15.Алыбаев Залкар -   айылдык  кеңештин депутаты

16. Мурзалиев Мыктарбек-  айылдык  кеңештин депутаты

17.Токтоболотов Зыпарбек -Жетиген айылынын тургуну, жарандык коомдун мүчөсү

 

 

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы :

 

Ч.Уметалиева