Редакцияот 04.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

2024-жылы 04-марты №217

 

«Ижара акынын эсебинен айланма чөп чапкычты өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө»

 

            Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитети менен жеке ишкер Ө.Сулаймановдун ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде төлөнүүчү ижара акыны ижарачы Ө.Сулайманов төлөй албай жаткандыгына байланыштуу, өзүнө тиешелүү жеке менчиктеги колдонулган айланма чөп чапкычты (роторная косилка) ижара акынын эсебинен 200,0миң (эки жүз миң) сомго баалап сунуштап жаткандыктан , айланма чөп чапкычты (роторная косилка)өткөрүп алуу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын 2024-жылдын 20-февралындагы актысынын негизинде, айыл өкмөттүн балансасына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Сыргабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат :

 

1.    Ижарачы Ө.Сулаймановдун жеке менчигиндеги, 200000(эки жүз миң) сомго бааланган, колдонулган айланма чөп чапкычты (роторная косилка) ижара акынын эсебинен өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

2.    Аталган айланма чөп чапкычты (роторная косилка)айыл өкмөттүн балансына өткөрүп алуу жана кириш кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Калбаевке милдеттендирилсин.

 

            3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

           

            4.  Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

            5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин

төрагасы :

 

А.Дөөлөткелдиев