ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылы 04-марты №219
« Саргата айылынын Ак-Терек участкасындагы 0,02га соода-сатык
багытындагы жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Саргата айылынын Ак-Терек участкасынын тургуну Б.Абдылдаевдин өзүнүн үйүнүн жанындагы 0, 02га соода сатык багытындагы жер аянтынын багытын, айыл чарба багытындагы жер аянтына которууга макулдук берүү жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде айыл өкмөттүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-беренесинин 2-пунктун, 13-статьясынын 1- жана 3 -пунктун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:
1. Саргата айылынын Ак-Терек участкасынын тургуну Б.Абдылдаевдин өзүнүн үйүнүн жанындагы 0,02га соода сатык багытындагы жер аянтын багытын айыл чарба багытындагы жер аянтына которууга макулдук берилсин.
2.Аталган жер аянтынын багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн жер адиси М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы : |
А.Дөөлөткелдиев |