Редакцияот 27.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депуттарынын кезексиз XV сессиясы 

 

2022-жылдын  27-октябры № 96

 

Мырза –Аке айылынын тургуну Г.Жороеванын арызы жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, «социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза –Аке айылынын тургуну Г.Жороеванын арызынын негизинде Ү.Курманалиев көчөсүнүн тургуну Г.Жороеванын үйүнө 50 орундуу 3 тайпага ылайык бала бакча ачууга уруксат берилсин.

2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлөштүрүү жагы Өзгөн райондук каржы бөлүмүнө жана Мырза-Аке айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрайым:

Г. Жороева