ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылы 04-марты №220
« Айдап себүү, суугат суу, оруп жыюу, бада акысы жана башка тарифтерди бекитүү жөнүндө»
Жазгы айдап себүү, суугат суу, күзгү оруп жыюу, бада акысы жана башка тарифтерди бекитүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин кезексиз XXVI сессиясы токтом кылат:
1.Үч-Терек айыл аймагында жазгы айдап себүү, бада акы, суугат суу, таштанды чыгаруу , күзгү оруп-жыюу жана башка тарифтерди бекитүү жөнүндөгү статист–экономист С.Жолдошованын билдирүүсү эске алынсын.
2. 2024-жылга карата Үч-Терек айыл аймагындагы Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан, Жетиген жана Такталык айылдарында жалпы бирдей жер айдоо жана малалоо тарифи 1 гектар жер аянтына - 5500 сом, себүү -1200 сом, комбайн менен оруп жыйноо 4000сом , престөө кибине 25сом, бада акысы бир баш бодо малга – жазгы сезонго -500сом, күзгү сезонго-700сом, бир баш жандыкка –жазгы сезонго -100 сом, күзгү сезонго 120сом, таштанды чыгарууга айына 50сом, сугат сууга 50сом болуп бекитилсин.
3. Бекитилген тарифтер боюнча иш алып баруу жагы, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл башчыларына, жайыт комитетинин төрагасы К.Сыргабаевке жана экономист-статист С.Жолдошовага милдеттендирилсин.
4. Бекитилген тарифтен ашыкча төлөм алынса механизаторлорго жана бадачыларга айып пул салынаары жана бузуулар боюнча түзүлгөн комиссияда каралып, айып пулдарынын өлчөмү көрсөтүлүп, мыйзам түрүндө чара көрүлөөрү жөнүндө тийиштүү жарандарга жана айыл тургундарына маалымат жеткирилсин.
5. Башка айылдардан келген малдын бир айлык салыгын төлөтүү менен жайыт билетин берүү жана Бузуулар кодексинин 182-183 статьясынын негизинде жайыт комитети менен келишим түзбөгөн малчыларга чара көрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы К.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы : |
А.Дөөлөткелдиев |
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2024-жылдын 04-мартындагы кезексиз XXVI сессиясынын №220 токтомуна 1-тиркеме |
Үч-Терек айыл өкмөтүндө 2024-жылы бадачылардын малдын башына ала турган бада акысы
2024-жыл.
№ | Малдын түрү | Өлчөө бирдиги | 1 айга (сом)
| Канча ай | 6 айга
|
1 | Бодо мал -жайкы -күзгү
| 1 баш уйга (сом) | 500 700
| 6 3 | 3000 2100 |
2 | Кой-эчкилер -жайкы -күзгү
| 1 баш кой, эчки (сом) | 100 120 | 6 3
| 600 360
|
Эскертүү:
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы : А.Байсабаев
Жайыт адиси : К.Сыргабаев.
Экономист-статист : С.Жолдошова.
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2024-жылдын 04-мартындагы кезексиз XXVI сессиясынын №220 токтомуна 2-тиркеме |
2024-жылга карата Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жазгы талаа жумуштарына айдап себүүнүн күнүмдүк иш нормасы, күйүүчү жана майлоочу майлардын чыгымдалышы жана тракторлордун күчүнө төлөнүүчү акысы.
2024-жыл
№ | Техниканын аткарган жумушу (1га)
| Жалпы (сом) |
1 | Айдоо, малалоо | 5500 |
2 | Себүү (сеялька) | 1200 |
2024-жылга карата Үч-Терек айыл өкмөтүнүн оруп жыюунун күнүмдүк иш нормасы, күйүүчү жана майлоочу майлардын чыгымдалышы жана тракторлордун күчүнө төлөнүүчү акысы.
№ | Техниканын аткарган жумушу (1га) | Жалпы (сом) |
1 | Чабуу + грабил | 3500 |
2 | Престөө ( 1 кип) | 25 |
3 | Комбайн менен оруп жыйноо | 4000 |
2024-жылга карата Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү сугат суу тарифтери жана таштандыларды чыгаруу боюнча күнүмдүк иш нормасы, төлөнүүчү акысы.
№ |
| 1 айга (сом) | Жалпы (сом) |
1 | Сугат суу | 50 | 300 |
2 | Таштанды чыгаруу | 50 | 300 |
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы : А.Байсабаев
Жер адис : М.Келгенбаев
ФЭБ башчы : М.Калбаев