ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII заседаниеси
2024-жылдын 26-январы № 28/6
Жошолу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациалоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү материалдары жөнүндө
Жошолу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациалоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү материалдарынын негизинде карап чыгып жана талкуулап Жошолу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Жошолу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациалоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдары бекитилсин.
2. Жаны-Турмуш айылынын Ашуу-Бел жана Качуура жайлоосундагы Кара-Кулжа району менен чектешкен аймактагы талаш жер участкалары кайрадан каралып тактоо жумуштары жүргүзүлсүн .
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбай уулуна жана жер адиси А.Жээнбековго милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.Танаев |