Редакцияот 12.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2024-жылдын 26-январы  № 28/9

Жошолу айыл  өкмөтүнүн   Аюу-Тапан  айылынын  Үсөн-Кыштоо-1, Үсөн-Кыштоо-2  көчөсүнүн  жашоочуларынын  арызын кароо    жөнүндө

 

Кыргыз Республикасыны өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 мыйзамынын 7-статьясьнын негизинде Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылынын Усөн-Кыштоо-1, Усөн-Кыштоо-2 көчөсүнүн атын, Кызыл-Булак көчөсү деп өзгөртүү боюнча 2024-жыдын 22-январындагы элдик жыйындын протоколуну карап чыгып жана талкуулап Жошолу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылынын Усөн-Кыштоо-1, Усөн-Кыштоо-2 көчөсүнүн жашоочуларынын 2024-жылдын 22-январындагы элдик жыйындын протоколу жактырылсын.

2. Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылынын Усөн-Кьштоо-1, Усөн-Кыштоо-2 көчөсүнүн аты, мурунку Кызыл-Булак көчөсү деп өзгөртүлүп аталсын.

3. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жээнбековго милдеттендирилсин ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбай уулуна тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Танаев