ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2024-жылдын 26-январы № 28/13
Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылындагы Кыз-Эмчек участкасындагы көпүрөнү капиталдык оңдоп -түздөө жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылындагы Кыз-Эмчек участкасындагы көпүрөнү капиталдык оңдоп тузөө жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн жана айыл тургундарынын элдик жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылындагы Кыз-Эмчек участкасындагы эски көпүрөнү капиталдык оңдоого уруксат берилсин.
2.Жошолу айыл өкмөтүнүнүн Коммунизм айылындагы Кыз-Эмчек участкасындагы эски көпүрөнү капиталдык оңдоо иштерине керектелүүчү акча каражаты Ош областык өнүктүрүү фондунан суралсын.
3.Көпүрөнү оңдоп-түзөө иштерине талап кылынган документтерин тактап, даярдап тапшыруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
4.Ушул кабыл алынган токтомдун аткарыльшын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна милдеттендирилсин , ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага: | А.Танаев |