ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезексиз II сессиясы (V чакырылыш)
2021-жылдын 26-августу № 5
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларын түзүү, алардын курамдарын бекитүү жана туруктуу негизде айлык акы алып иштей турган туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагаларын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесине жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин ченемдерине ылайык, депутаттык фракциялардын сунуштарын эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиялары түзүлсүн жана алардын курамы бекитилсин (тиркеме №1, тиркеме №2).
2. Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын жана социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагалары туруктуу негизде айлык акы алып иштей тургандыгы белгиленсин.
3.Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (У.Суеркулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (С.Маматалиева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисине (К.Камчиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |
Ош шаардык Кеңешинин
2021-жылдын 26-августундагы
№5 токтомуна №1 тиркеме
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиялары
1.Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия
2.Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия
3. Мыйзамдуулук , укук-тартип, депутаттык этика, Регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия
4. Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия (маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, туризм, коомдук уюмдар, партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары)
5.Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия.
Ош шаардык Кеңешинин
2021-жылдын 26-августундагы
№5 токтомуна №2 тиркеме
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык
комиссияларынын курамы
1. Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия.
1 | Мырзабеков Медербек Мамасабирович | Ата-Журт Кыргызстан |
2 | Арзибаев Бекболот Осконбаевич | Ата-Журт Кыргызстан |
3 | Сайфуллаев Жохонгир Хурсанович | Ата-Журт Кыргызстан |
4 | Эркин уулу Арстанбек | Биздин Кыргызстан |
5 | Папишов Канат Муратович | Биздин Кыргызстан |
6 | Абдрахманов Илияз Жаныбекович | Биздин Кыргызстан |
7 | Абдуллаев Данияр Аманович | Улуттар биримдиги |
8 | Ахмажданов Хашим Абдухакимович | Улуттар биримдиги |
9 | Арзиев Эсенбек Маматкаримович | Бир Бол |
2. Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия.
1 | Зайнидинов Алтынбек Талипжанович | Ата-Журт Кыргызстан |
2 | Толубаев Замирбек Бостонбаевич | Ата-Журт Кыргызстан |
3 | Турсунбаева Бахтияр Нематжанович | Ата-Журт Кыргызстан |
4 | Айтбаев Арыпбек Кочконович | Биздин Кыргызстан |
5 | Кадырбек кызы Нуркыз | Биздин Кыргызстан |
6 | Каналиев Улан Касымович | Биздин Кыргызстан |
7 | Маматкулов Максатбек Борубаевич | Улуттар биримдиги |
8 | Шайиев Кушбак Искендерович | Бир бол |
3. Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия.
1 | Акматова Уларкан Жидебаевна | Ата-Журт Кыргызстан |
2 | Исамова Хулкар Анваровна | Ата-Журт Кыргызстан |
3 | Исмаилов Нурбек Даткабаевич | Ата-Журт Кыргызстан |
4 | Алмазбек кызы Назима | Биздин Кыргызстан |
5 | Усөнов Бексултан Нурланович | Биздин Кыргызстан |
6 | Мурзахмедов Нурлан Жеңишбекович | Улуттар Биримдиги |
4. Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия (маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, туризм, коомдук уюмдар, партиялар, массалык маалымат каражаттар маселелери).
1 | Кулдышева Гулсара Кенжеевна | Ата-Журт Кыргызстан |
2 | Абдибаева Дамира Рысбековна | Ата-Журт Кыргызстан |
3 | Джусупов Мелис Ромидинович | Ата-Журт Кыргызстан |
4 | Мамашов Канжарбек Асилбекович | Биздин Кыргызстан |
5 | Раимбердиева Аида Расулбердиевна | Биздин кыргызстан |
6 | Самиева Нурила Камиловна | Улуттар биримдиги |
7 | Каримов Нурислом Абдунабиевич | Бир бол |
5. Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия.