Редакцияот 29.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депуттарынын кезексиз XVI сессиясы 

 

2022-жылдын  29-ноябры № 101

 

Мырза-Аке айылынын тургуну Меңдайым Мырзаматованын арызы жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза- Аке айылынын тургуну Меңдайым Мырзаматованын арызынын негизинде индентификационный номери 5-06-15-1001-4258 эски сарайды, элди тейлөөгө(магазин) багыты өзгөртүлүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Г. Жороева