Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

2024-жылдын 27-январы № 22/3

     “Кашка-Жол” айыл өкмөтү мекемеси менен Кара-Кочкор” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрь ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилотук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды жана филиалдарды (бөлүкчөлөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып Кашка-Жол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛЫТ:

 

1.“Кашка-Жол “ айыл өкмөтү мекемеси жана “Кара-Кочкор” айыл өкмөтү мекемесин бириктирүү жолу менен “Кара-Кочкор” айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп кайра түзүүгө уруксат берилсин.

 

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Кашка-Жол” айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбековко жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

 

Кашка-Жол айылдык кеңешинин

төрагасы:

М.Нажимидинов