Редакцияот 19.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 19-октябры № 8-1

Ат-Башы айылынын ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаанын жол кире баасын жогорулатып берүү боюнча “Чеч-Дөбө-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э. Осмоновдун 2021-жылдын 07-октябрындагы чыгыш №21 сандуу сунушу жөнүндө

Ат-Башы айылынын ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаанын жол кире баасын жогорулатып берүү боюнча “Чеч-Дөбө-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э. Осмоновдун берген маалыматын угуп жана талкуулап,  күйүүчү майга болгон баанын жогорулашына жана авто тетиктеринин кымбатташына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2021-жылдын 1-ноябрынан  баштап  Ат-Башы айылынын жүргүнчүлөрүн  ташуучу коомдук унаалардын жол кире акысы бир жүргүнчүгө 12 (он эки) сом, мектеп окуучуларына 8 (сегиз) сом өлчөмүндө бекитилсин;

2.Зарылчылыкка жараша эки айдан кийин жол кире акысын кайра жогорулатуу жагы каралсын

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.

 

Төрага:

А. өмуракунов