Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

2024-жылдын 27-январы № 22/5

    Кашка-Жол айылдык  аймагындагы Беки-Ата таза суу ишканасынын 2024-жылга карата  бюджеттин бекитүү  жөнүндө

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин  2-пунктуна ылайык, Кашка-Жол айылдык Кеңешинин «2024-жылга карата Беки-Ата таза суу ишканасынын  бюджеттин бекитүү жөнүндө» Беки-Ата таза суу ишканасынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Айтманбетовмаалыматын  угуп жана талкуулап, Кашка-Жол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1. Беки-Ата таза суу ишканасынын 2024-жылга карата бюджеттинин кирешелер бөлүгү 910 000 сомго жана чыгашалар бөлүгү 910 000 сомго долбоору бекитилсин.

 

2. Кашка-Жол айылдык аймагынын тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде , ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрүнүн баалардын инфляциясынын деңгеелине жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизилип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Беки-Ата таза суу ишканасынын  башчысы Бекиев Орунбайга тапшырылсын.

 

Кашка-Жол айылдык кеңешинин

 төрагасы:

М.Нажимидинов