КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2024-жылдын 27-январы № 22/7
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына корректировка жүргүзүү боюнча даярдалган материалдарды бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине негиз Кашка-Жол айылдык Кеңеши Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 26-январь 2024-жылдагы материалдары менен таанышып, талкулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондусунун инвентаризациялоо жумуштарын корректировка жүргүзүү боюнча “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы Ош филиалы даярдаган материалдардын жыйынтыгы №____ тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Даярдалган документтердин мыйзамдуулугун карап чыгуу жагы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Жумабаевге Кашка-Жол айылдык Кеңешинин жер, агрардык маселелер боюнча комитетине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбековго жүктөлсүн.
Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Нажимидинов |