Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

2024-жылдын 27-январы № 22/8

    Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин  2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө негиз Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнүн планы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн статист-экономисти А.Култаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кашка-Жол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнүн планы толуктоолор менен бекитилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбековго жүктөлсүн.

 

Кашка-Жол айылдык кеңешинин

 төрагасы:

М.Нажимидинов