КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2024-жылдын 27-январы № 22/9
Кашка-Жол айылдык аймагынын Тоготой айылынын тургундарына жеке турак- жай салууга 0,7 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кашка-Жол айыл аймагынын Тоготой айылынын тургундарынажеке турак-жай салууга 0,7 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жанбаевдин 27.01.2024-жылдагы берген сунушун угуп жана талкуулап, Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Жол айыл аймагынын Тоготой айылынын тургундарынажеке турак-жай салууга 0,7 гадан жер тилкелери бөлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жанбаевге жана Кашка-Жол айылдык Кеңешинин Агрардык, азык тулук, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Нажимидинов |
|
|
|