Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

2024-жылдын 27-январы № 22/10

   Кашка-Жол айыл көкмөтүнүн бюджетине   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”  Мыйзамынын 31- бересинин 2- бөлүгүнө негиз Кашка-Жол айыл көкмөтүнүн бюджетине   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндөгү   Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджапованын  маалыматын угуп жана талкуулап, Кашка-Жол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

     1.Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинен калган калдык 76 100 (жетимиш алты мин бир жүз) сом акча каражаты Жаны-Талап айылындагы Тургун кызы Сулайка ажы эне  атындагы бала бакчасынын электр энергиясына жумшалсын.

      709 бакча -  2224 – 76 100 

    Жогорудагы көрсөтүлгөн, 76 100  (жетимиш алты мин бир жүз)  сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип берүү жагы райондук Финансы бөлүмүнөн суралсын.

    2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага   тапшырылсын.

 

Кашка-Жол айылдык кеңешинин

төрагасы:

М.Нажимидинов