КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
2024-жылдын 27-январы № 22/11
Кашка-Жол айыл аймагынын Октябрь айылындагы Тасма 1 көчөсүнө Токуш уулу Бактыярдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесин, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдын № 467 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4-абзацына негиз, Кашка-Жол айыл аймагынын Октябрь айылындагы Тасма 1 көчөсүнө Токуш уулу Бактиярдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Октябрь айылынын 07.12.2023-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 1 протоколунун негизинде айыл башчы Н.Суранчиевдин 27.01.2024-жылдагы маалыматтын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Октябрь айылынын тургундарынын 07.12.2023-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 1 протоколу жактырылып, бекитилсин.
2.Кашка-Жол айыл аймагынын Октябрь айылындагы Тасма 1 көчөүнө Токуш уулу Бактыярдын ысымы ыйгарылсын жана мындан ары Токуш уулу Бактыяр атындагы көчө болуп аталсын.
3.Коюлган көчөнүн жарыктандыруусун жана оңдоп түзөө иштери Токуш уулу Бактыярдын балдарына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Октябрь айылынын айыл башчысы Н.Суранчиевке жүктөлсүн.
Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Нажимидинов |