КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 1-сессиясы
2024-жылдын 22-февралы № 1/2
Бириктирилген Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы 52-Токтомун жетекчиликке алуу менен бириктирилген Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгына ылайык “Кара-Кочкор”, “Кашка-Жол” айыл аймактары бириккендигин, катышкан 39 депутаттардын 22 добушка ээ болгондугун белгилеп, бириктирилген Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп Нажимидинов М. шайланды деп эсептелсин.
2.Бириктирилген Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Акназарова А. шайлангандыгы белгиленсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Б.Нажимидинов |