Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 1-сессиясы

2024-жылдын 22-февралы № 1/3

“Кара-Кочкор айыл аймагынын  айылдык кеңеши”  мекемесин түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370  “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24  “пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчилике алып,  Кара-Кочкор  айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Кочкор жана Кашка-Жол айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.

 

      Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

     -Мамлекеттик тилде: “Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси;

     -Расмий тилде: Учереждение”Айылный кеңеш Кара-Кочкорского айылного аймака”

 

      Кыскартылган фирмалык аталышы:

      -Мамлекеттик тилде: Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши” м-и.

       -Расмий тилде: У-е ”Айылный кеңеш Кара-Кочкорского айылного аймака”

 

2. Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.

 

3. Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп , Кыргыз Респбуликасы, Ош обулусу, Кара-Кулжа району , Кара-Кочкор айылы, С.Камчыбеков көчөсү №2 болуп аныкталсын.

 

4.Юридикалык жактын уюштуручусу -жергиликтүү кеңештин депутаттары.

 

5.Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсун.

 

   Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

Төрага:

М.Б.Нажимидинов