Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги экинчи сессиясы

2024-жылдын 17-апрели № 2/6

     Кара-Кочкор айыл аймагынын Жайыт комитетинин бюджетин жана жайлоого чыкан мал-жандыктарга жайлоо акысын жана жайлоого көчүүсүн, кайтып келүүсүн  бекитип берүү   жөнүндө

 

Кара-Кочкор айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин жана жайлоого чыкан мал-жандыктарга жайлоо  акысын жана жайлоого көчүүсүн, кайтып келүүсүн бекитип берүү   жөнүндөгү Жайлоо комитетинин төрагасы Т.Кайыпкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кара-Кочкор айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгү 450 000 (төрт жүз элүү миң) сомго жана чыгаша бөлүгү 450 000 (төрт жүз элүү миң) сомго долбоору бекитилсин.

 

2.Кашка-Жол айылдык аймагынын тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде , ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрүнүн баалардын инфляциясынын деңгээлине жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизилип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.

 

3. Жайлоого чыкан мал-жандыктардын жайлоо акысы:

     - кой, эчкилерге                    150 (бир жүз элүү) сом

     - жылкы, уйга                       700 (жетти жүз)  сомдон жайыт акысы ичинде.

сыртан келген малга жашырганы чыгып калса 200-500 сом айып акчасы белгиленсин.

4. Мал-жандыктардын  эң акыркы жайлоого көчүүсү 15-май,  кайтып келүүсү 1-сентябрдан белгиленсин .

 

5. Ички тартип эрежелери бекитилсин

 

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Кайыпкуловго жана жайыт комитетинин мүчөлөрүнө жүктөлсүн

Төрага:

М.Нажимидинов