Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII шайланган ) кезектеги экинчи сессиясы

2024-жылдын 17-апрели № 2/7

    “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына”   көрсөтүү  жөнүндө

 

Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жыйынынын 2024-жылдын 22-апрелиндеги  № 3 протоколунун негизинде жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин депутаттарынын көп жылдык үзүрлүү эмгегине татыктуу баа берүү мененКара-Кочкор айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Кочкор айыл аймагынын сойиалдык-экономикалык жактан төнүгүүсүнө кошкон чоң салымы үчүн .Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин депутаттары Алиева Ырыскан жана Сулайманова Ыкыбал Төлөнбаевна   Кара-Кулжа районунун Региондорду өнүктүрүү фондуна проек түзүп, “Жийде” орто мектебинин айнек терезелерин  заманбап үлгүсүнө алмаштыргандыгы, 2023-2024-жылдары Республикалык бюджетин эсебинен Жийде айылына бала бакча үчүн проекти өткөргөндүгү, Жийде -Чымбай жолуна асфальт төшөө боюнча азыркы учурда иш алып барып жатышаткандыгы үчүн        “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын” алууга сунуш кылынсын.

 

2.Бул сунушту колдоп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине  сунушталсын.

 

Төрага:

М.Нажимидинов