АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 13-сентябры № 20
Кайра бөлүштүрүү фондусундагы ижарага берилген кайракы жердин жылдын куракчылыгынан күйүп кеткендигине байланыштуу ижара акысын ж.б. төлөмдөрдү кыскартуу жөнүндө
Кайра бөлүштүрүү фондусундагы ижарага берилген 10га кайракы жердин жылдын куракчылыгына байланыштуу күйүп кеткендиктен ижара акысынан ж.б.төлөмдөрдөн куткаруу жөнүндөгүАйылдык Кеңештин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана түзүлгөн акт менен таанышып чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кайра бөлүштүрүү фондусундагы ижарага берилген 10га кайракы жердин жылдын куракчылыгына байланыштуу күйүп кеткендиктен ижара акысынан ж.б. төлөмдөрдөн ижарага алган айыл тургундары куткарылсын .
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Талантбеков |