Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2024-жылы 13-майы №34

 

« Токтогул шаардык кеңешинин 22.04.2024-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын № 24 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 10.05.2024-жылданы № 01-17/640 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын 13.05.2024-жылдагы жыйналышында каралып, корутундусу кабыл алынган.

Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулуп, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Токтогул шаардык кеңешинин 22.04.2024-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын  № 24 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө 13.05.2024-жылдагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.

 

  1. Аталган токтомго төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-          5,6,7,8-пункттарында көрсөтүлгөн “2218 статьялар” “2222 статьялары” менен  алмаштырылсын;

-          24, 25-пункттарында көрсөтүлгөн “3111 статьялар” “2215 статьялары” менен алмаштырылсын;

 

  1. Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.К.Дөөлөтбеков) тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага :

М.Т. Борбугулов