Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 28-марты № 1/2.1

   Ылай-Талаа айыл аймагындагы КБФнун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн алардын баштапкы ижара акысын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34 – “Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин компетенциялары” жөнүндөгү беренесине жана  Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктунун 22-пунктчасына ылайыкЫлай-Талаа айыл аймагындагы КБФнун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн алардын ижара акысынын баштапкы баасын бекитип берүү боюнча Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси С.Исмаиловдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ылай-Талаа айыл аймагындагы КБФнун жерлеринин келишимдеги мөөнөттөрү аягына чыккан жер аянттарына аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн 1 га жер аянтына ижара акысынын баштапкы баасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

- бак жана сугат айдоо аянттарына –2000 сом;

- кайрак айдоо аянттарына -  1600 сом;

- чөп орунду аянттарына – 1400 сом.  

2.Жогорудагы белгиленген жер аянттарына аукцион өткөрүүдө бак аянтынты, сугат жана кайрак айдоо аянттары үчүн 1 лоттун өлчөмү 0,5 га, чөп орунду аянттары үчүн 1 лоттун өлчөмү 1,0 га, ал эми аукционго катышуучулардын баштапкы бааны көтөрүүдөгү эң төмөнкү кадамы 200 сом болуп бекитилсин. 

3.Ылай-Талаа айыл аймагындагы КБФнун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүнү иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык ишке ашыруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы   Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык   Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Кадыркулов