ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин (XXX-чакырылышынын) кезексиз XV-сессиясы
2024-жылдын 22-апрели №1
Чаек айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Чаек айыл амагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Бириктирилген Чаек, Кызыл-Жылдыз жана Көк-Ой айыл аймактарын бириктирип, Чаек айылын административдик борбор деп аныктоо менен Чаек айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Бириктирилген Чаек айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына такталганга чейин убактылуу макулдук берилсин.
3. Кызыл-Жылдыз менен Мин-Куштун, Көк-Ой менен Мин-куш, Көк-Ой менен Кабак ортосундагы чыр маселени чечүү боюнча, Куйручук айыл өкмөтүнө караштуу Кырчын Чаек аймагына өтүүсү боюнча, Байзак менен Чаектин чек арасын тактоо боюнча, Суусамыр менен Ой-Кайың ортосундагы чыр маселелер боюнча такталып чечүүгө сунушталсын.
4. Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү айыл өкмөт башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |