Редакцияот 11.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

  Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 5-сессиясы

2021-жылдын 11-августу № 5

 

Баткен элине көмөк көрсөтүү максатында айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Премьер министр У.Мариповдун катынын негизинде айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч Төлөнованын маалыматын угуп, Момбеков айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч Төлөнованын маалыматы эске алынсын.

2. Момбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Баткен элине көмөк көрсөтүү максатында 50,000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

3. Жогорудагы акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин

төрагасы

 

И. Абдыразак уулу