Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2024-жылы 13-майы №35

 

« Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө »

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 08.05.2024-жылдагы № 01-17/618 сунушу, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын 06.05.2024-жылдагы №1-11/1283 каты “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, мыйзамдуулук, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиянын 13.05.2024-жылдагы жыйналышында каралып, корутундусу кабыл алынган.

Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулуп, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Токтогул шаарында турак үйгө муктаж жарандардын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында, жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.

 

  1. Ага ылайык, Токтогул шаарынын Азаке 5/1 дарегинде жайгашкан, муниципалдык менчиктеги, мамлекеттик акт сериясы Б № 038009, идентифкациялык номери 3-07 -07-1001-3209, 10374 м2 жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна акысыз өткөрүлүп берилсин.

 

  1. Керектүү документтерин мыйзам талаптарына ылайык даярдап берүү жагы Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) тапшырылсын.

 

  1. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө байланышкан бардык чыгымдар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага :

М.Т. Борбугулов