Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2024-жылы 13-майы №36

 

« А.Козубеков атындагы эс алуу багынын түштүк батыш тарабындагы эски каруселди буздуруу жөнүндө »

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 08.05.2024-жылдагы № 01-17/618 сунушу “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, мыйзамдуулук, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиянын 13.05.2024-жылдагы жыйналышында каралып, корутундусу кабыл алынган.

Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулуп, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, токтом кылат:

 

  1. А.Козубеков атындагы паркынын түштүк батыш тарабында эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, эски каруселди буздуруу боюнча жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.

 

  1. Буздуруу иштери мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн, келишим түзүүдө анын шарттарына дыкат көңүл бурулсун, өзгөчө коопсуздук маселелери боюнча шарттары так иштелип чыксын.

 

  1. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Кенжеев) тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап, Токтогул шаардык кеңешинин 13.03.2020-жылдагы кезексиз XXI сессиясынын № 13 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

 

Төрага :

М.Т. Борбугулов