ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин (XXX-чакырылышынын) кезексиз XVI-сессиясы
2024-жылдын 29-апрели №1
Чаек айыл аймагындагы “Нуржолбер” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Кризистик борборду” 2024-жылдан баштап «Асылзат муниципалдык кризистик борбору» муниципалдык мекеме кылуу үчүн уставын жана жобосун иштеп чыгуу боюнча өзгөртүү жана толуктоолору менен макулдук берүү жөнүндө
Чаек айыл аймагындагы “Нуржолбер” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Кризистик борборду” 2024-жылдан баштап «Асылзат муниципалдык кризистик борбору» муниципалдык мекеме кылуу үчүн уставын жана жобосун иштеп чыгуу боюнча өзгөртүү жана толуктоолору менен макулдук берүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык өз алдынча камсыз кылуу, өз алдынча жөнгө салуу жана өз алдынча каржылоо боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын айылдык кенишинин чечими менен «Асылзат муниципалдык кризистик борбору» муниципалдык мекеме кылуу үчүн макулдук берилсин.
2.Нуржолбер коомдук бирикмеси тарабынан Жумгал районунун Чаек айылында уюштурулган кризистик борборго Чаек айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Жылдыз айылындагы айыл өкмөтүнүн мурунку имаратынан 3 бөлмө берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кенештин мандат боюнча комиссиясына, укук коргоо, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө комиссиясына жана саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо, маданият жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп “chaek-aimak.kg” сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Чаек айыл айимагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго мидеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |