Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2024-жылы 13-майы №38

 

« 1-топтогу майып К.М.Жапаровага материалдык жардам берүү жөнүндө »

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарына караштуу Кара-Суу айылынын жашоочусу Жапарова Жеңишгүлдүн 29.04.2024-жылдагы арызы “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын 13.05.2024-жылдагы жыйналышында каралып, корутундусу кабыл алынган.

Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулуп, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Кара-Суу айылынын жашоочусу Жапарова Жеңишгүлдүн арызы боюнча 13.05.2024-жылдагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.

 

  1. Ага ылайык, Кара-Суу айылынын жашоочусу, 1-топтогу майып, Жапарова Кундуз Молдокеримовнага Токтогул шаардык мэриясы тарабынан жарыяланган конкурстарды өткөрүүнүн жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен 10,0 миң сом материалдык жардам берилсин.

 

  1. Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.К.Дөөлөтбеков) тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага :

М.Т. Борбугулов