Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 28-марты № 1/4

   Жазгы талаа жумуштарынын абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча  айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктунун негизинде  Ылай-Талаа айыл аймагында жазгы талаа жумуштарына даярдыктын абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча  айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси  С.Исмаиловдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы огород жана үлүш жерлерге сугат сууну жеткиликтүү камсыз кылуу менен анын жылдык пайдалануу акысы төмөндөгүдөй баада бекитилсин:

- тамарка алды үй огороддору үчүн  – 100 сом;

- үлүш жерлерге 1 га жер аянтына    – 500 сом.  

 

2. Ылай-Талаа айыл аймагындагы тургундардын үлүш жерлерине ички арыктарды жаңылап тарттырып сугат суу менен камсыз кылууну уюштуруу жана тургундардан сугат суу акыларын жыйноо, эгиле турган көчөттөргө мекемелер тарабынан берилген заявкалар боюнча токой чарба башкармалыгынан алып келүүнү уюштуруп мекемелерге бөлүштүрүп, көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Кадыркулов