Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

  Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы

2021-жылдын 24-августу № 1

 

“Мистеленд” эл аралык фестивалын өткөрүү жөнүндө

 

Ноокен райондук социалдык- экономикалык абалын жакшыртуу максатында Момбеков айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын 6-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен районунун мистесин шартка жараша дүйнөлүк дэнгээлде тааныштырууга эл аралык фестивалын өткөрүүгө салым кошуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 (жүз) миң сом акча каражаты ажыратылсын.

2. Жогорудагы акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Момбеков айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

И. Абдыразак уулу