Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 28-марты № 1/5

   Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында “Ылай-Талаа таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары жөнүндөгү”  Мыйзамынын  2-главасынын 27-беренесинин 1–пунктунун 4,11-пунктчаларына ылайык Ылай-Талаа айыл аймагындагы калктуу конуштарды тейлөөдө алдыга коюлган милдеттер тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы калктуу конуштардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу аларды тейлөөнү жакшыртуу максатында Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында“Ылай-Талаа таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасы уюштурулсун.

 

2. “Ылай-Талаа таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасына тиешелүү документтерди даярдоо, анын жетекчисин дайындоо, Уставын иштеп чыгып Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү, кызмат көрсөтүүнүн жаңы тарифтерин кийинки сессиянын кароосуна сунуштоо жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге, муниципалдык ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.

 

3.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Кадыркулов