Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 28-марты № 1/7

   Жайыт комитетине долбоор аркылуу алынган, азыркы мезгилде Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган атайын техникалардын элге кызмат кылуу тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын  2-главасынын 27-беренесинин 2 –пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган атайын техникалардын элге кызмат кылуу тарифтерин бекитүү тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин жана бул техникалардын операторлорунун маалыматтарын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган атайын техникалардын айыл аймагында айыл өкмөтүнүн жана башка юридикалык, физикалык тараптардын жумуштарын аткарууда төмөндөгүдөй тарифтери бекитилсин:

-       МТЗ-82 тракторунун базасындагы экскаватор-бульдозер үчүн ар бир мото/саатына 2500 сом;

-       Погрузчик жүктөгүчтөрү үчүн ар бир мото/саатына 3500 сом.

2.Атайын техникалардын ар бир иштетилген мото/сааты боюнча иштеткен тараптар менен эсептешүү жүргүзүү, түшкөн  каражаттын 1/3 (үчтөн бир) бөлүгүн айыл өкмөтүнүн эсебине которуу, техникалардагы мото/сааттын оң абалда болушун жана айыл өкмөтү аркылуу жалпы эл пайдалануучу жерлердеги калыбына келтирүү жумуштарына жогорудагы 1/3 төлөмүнөн бошотуу менен күйүүчү май чыгымын алуу менен иштеп берүү жагы ушул техникалардын операторлору Ибраимов Жылдызбекке, Мурзалиев Эрмекке жана Маметов Эркебекке  милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

А.Кадыркулов