Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 28-марты № 1/8

   Ылай-Талаа айыл аймагында жайгашкан мектептердеги спорттук залдардын окуу процесстеринен кийинки убактарда ижарага берүүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын  2-главасынын 27-беренесинин 1-пунктунун 2, 20 –пунктчасына, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын VI главасынын 47-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл аймагында дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу жана мектептердеги спорттук залдарды окуу процесстеринен кийинки убактарда сарамжалдуу пайдалануу боюнча мектеп директорлорунун маалыматтарын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы мектептердеги спорттук залдарды жалпы айыл тургундарына да  жеткиликтүү пайдалануу үчүн аталган спорттук залдарды видеокөзөмөл камераларын орнотуу аркылуу саат 19-00дөн 23-50гө чейинки убактарга төмөндөгүдөй тартипте ижара акысы бекитилсин:

-Ылай-Талаа айылындагы Ө.Абдылдаев атындагы орто мектебинин спорттук залы жана кичи футболдук залына айыл аймагынын тургундары үчүн  ар бир саатына 200 сомдон, айыл аймагынан сырткары жактан келгендерге 300 сомдон;

-Айыл аймагындагы калган мектептердеги спорттук залдарга 19-00дөн 23-50гө чейинки убактарга бир жолку төлөм акысы 500 сом.

-Мааракелик жана муундар аралык мелдеш учуруна бир жолку төлөм 1000 сом.

2. Ижарадан алынган каражаттарды мектептин муктаждыгына максаттуу пайдалануу жагы айыл аймагындагы мектептердин директорлоруна милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

А.Кадыркулов