Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 28-марты № 1/8.1

   Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа айылындагы А.Осмонов атындагы орто мектебинин жериндеги жаңыдан курулуп жаткан спорттук комплекске Ылай-Талаа айылында туулуп-өскөн (маркум) Токуров Нуралинин ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун II главасынын 10-беренесине ылайык Ылай-Талаа айылындагы А.Осмонов атындагы орто мектебинин мугалимдеринин жана техникалык кызматкерлеринин жамааттык жыйынынын 2024-жылдын 25-мартындагы №14 протоколун карап чыгып Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа айылындагы А.Осмонов атындагы орто мектебинин жерине жаңыдан курулуп жаткан спорттук комплекс “Токуров Нурали” атындагы спорттук комплекс болуп аталсын.

2. Аты коюлган спорттук комплекстин курулушуна көмөк көрсөтүү менен анын керектүү долбоордук-сметалык документацияларын даярдап берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге, спорттук комплекстин курулушун аягына чыгарып бүтүрүп айыл өкмөтүнө пайдалануу үчүн оперативдик башкарууга өткөрүп берүү жагы Токуров Нуралинин уулу Токуров Ариетке милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

А.Кадыркулов