Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы

2024-жылдын 22-апрели № 1/1

  Ылай-Талаа айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош  облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ылай-Талаа айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл аймагы менен Кара-Кулжа айыл аймагынын ортосунда талаштуу маселелер жаралгандыгына байланыштуу Ылай-Талаа айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берилбесин.

 

2. Ылай-Талаа айыл аймагы менен Кара-Кулжа айыл аймагынын ортосундагы талаштуу маселелер боюнча тиешелүү мекемелер менен иш алып барып жыйынтыгы боюнча корутунду маалымат берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн депутаттык комиссияга тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Кулжа жергиликтүү  мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага:

А.Кадыркулов