ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз I сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 1/2
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2 –пунктуна жана Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна, Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин түзүлгөн табигый өзгөчө кырдаалга байланыштуу билдирүүсүнө ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Козуевдин маалыматын, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешининбюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылы бекитилген бюджетине зарылчылык келип чыккандыгына байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2.Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик планына киргизип берүү жагы КРФМ Кара-Кулжа каржы башкармалыгынан суралсын.
3. Бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап райондук каржы башкармалыгына тапшыруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Козуевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Н.Айтбаев) тапшырылсын.
Төрага: | А.Кадыркулов |