Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талды-Суу айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 24-отуруму

2024-жылдын 22-январы № 24/2

 Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга аткарылышы жана 2024-жылга бекитүү 2025-2026-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 

    3-бөлүгүнүн 17-беренесинин 3-пунктуна ылайык Талды-Суу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Талды-Суу айыл   өкмөтүнүн 2023-жылга  жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү   жалпы 24 653,5 миң сомго бекитилип, 32 548,0 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2.Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 29 267,5 миң сомго, анын ичинен атайын каражат  319,0 миң сомго   бекитилсин.

3.2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы, киреше бөлүгү 31 801,9 миң сомго анын ичинен атайын каражат 319,0 миң сомго бекитилсин.

4.2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы, киреше бөлүгү 35 052, 2 миң сомго анын ичинен атайын каражат 319,0 миң сомго бекитилсин.

5.Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу мекеме ишканаларга, бюджеттен каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу, отчетторун өз убагында так айыл өкмөттүн каржы үнөмдөө бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме жетекчилерине тапшырылсын.

6.Арча-Булак айылынын айыл башчысы жана ВУС инспектору өкмөттүн штаттык бирдигине бекитилип берилсин.

7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Койчуман у Н.