1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Туулгандыгын каттоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4-главасы, 72-пункту |
| Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Калкты каттоо жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, аймактык органдарды кошкондо (мындан ары – ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Баланын ата-энеси (ата-эненин бири). Эгер ата-эненин баланын туулгандыгы жөнүндө жеке өздөрү арыз берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, баланын туулгандыгы тууралуу арыз ата-эненин жакын тууганы же ата-эненин (ата-эненин биринин) башка ыйгарым укуктуу адамы же болбосо медициналык уюмдун кызмат адамы же төрөт учурунда эне же бала жайгашкан башка уюмдун кызмат адамы тарабынан берилет. Табылган (ташталган) баланы мамлекеттик каттоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
“Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому |
| Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо ага идентификациялык жеке номер дагы ыйгарылат |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Туулгандыгын мамлекеттик каттоо арыз ээлери кайрылган жер боюнча жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда;
- кезек күтүү / электрондук кезек боюнча. Жарандардын, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (мындан ары – ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган.
Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга убакыт – 30 мүнөттөн ашык эмес.
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтүнүн чеги – бир иш күндүн ичинде.
Кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүү убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү |
| Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: digital.gov.kg; - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнөн, керектөөчү жеке өзү (алардын расмий ыйгарым укук берилген өкүлдөрү) кайрылган учурда; - ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбор) телефону боюнча оозеки формада 119 номери боюнча; Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарында жайгаштырылган маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан маалымат алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
| Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү);
- ыйгарым укуктуу органдын сайты: digital.gov.kg; - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - жеке кайрылуу жана Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбор) телефону боюнча - 119; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар.
Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына digital.gov.kg жайгаштырылат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана тейлөө |
| Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталар илинет.
Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл.
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө.
Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
| Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
| Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | 1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл: - бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген, баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалым кат же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөттөрдө врач же медициналык башка кызматкер, ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалым кат; - баланын ата-энесинин же алардын биринин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери (КБМРде жок болгон учурда); - никелешүү тууралуу күбөлүк (“ЖААЖ” АМСте жок болгон учурда); - ата-энеси (же ата-энесинин бири) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган бала чет мамлекетте төрөлгөн учурда чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, туулгандыгынын фактысын ырастоочу документ (туулгандыгы тууралуу медициналык маалым кат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башкалар); - бланктык продукцияга төлөгөндүгү жөнүндө квитанция. 2. Баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк жок болгон учурда, баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо баланын туулгандыгынын фактысын аныктоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт. 3. Башка аялга эмбрионду көтөрүү үчүн аны имплантациялоого макулдук берген жубайлардын арызы боюнча баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо жогоруда аталган документтер менен бир эле убакта нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карын энелик тууралуу келишим жана медициналык уюм тарабынан берилген эмбрионду имплантациялоо фактысын ырастоочу документ берилүүгө тийиш. 4. Баланын туулгандыгы жөнүндө арыз бала төрөлгөн күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш. 5. Ата-энесинин (атасынын же энесинин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери жок болгон учурда, баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо туулгандыгы тууралуу актылык жазууну түзүү аркылуу туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө берүү менен жүргүзүлөт. Ушул көчүрмө ата-эне (алардын бири) алардын ким экендигин ырастоочу документтерин бергенге чейин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укук берген документке теңелет. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк ата-энеси (алардын бири) алардын ким экендигин ырастоочу документтерин бергенден кийин берилет. Баланын төрөлгөн фактысын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата жүргүзүлөт. 6. Бир жашка чыккан же андан ашкан баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган зарыл документтерди тиркөө менен ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же жакын тууганынын же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, ошондой эле он алты жашка чыкканда баланын өзүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт. 7. Кыргыз Республикасынын аймагында туулган, ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар болуп саналган баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул пункттун 1-пунктчасына ылайык жүргүзүлөт. 8. Кыргыз Республикасынын айрым же бардык аймагында өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилген мезгилде төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул пункттун 1-пунктчасына ылайык жана өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал алынгандан кийин бир айдан ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат. Ата-энеси белгисиз болгон баланын туулгандыгын каттоодо документтердин тизмеги: - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчү, ал бала табылган күндөн тартып жети күндөн кечиктирилбестен жарандык абалдын актыларын жазуу органына кайрылууга милдеттүү. 9. Ата-энеси белгисиз болгон, табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт, ал бала табылган күндөн тартып жети күндөн кечиктирилбестен жарандык абалдын актыларын жазуу органына кайрылууга милдеттүү. 10. Өлүү төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо саламаттык сактоо уюму же жекече практикалануучу врач тарабынан берилген перинаталдык өлүмү жөнүндөгү медициналык күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт. Өлүү төрөлгөн баланын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт. Бала жашоосунун биринчи жумасында өлгөн учурда анын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт. Жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо саламаттык сактоо уюму же жекече практикалануучу врач тарабынан берилген туулгандыгы жөнүндө жана перинаталдык өлүмү жөнүндө белгиленген формадагы документтердин негизинде жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында жеке маалыматтар субъектисинин, анын ичинде электрондук документ формасында жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө макулдугу менен “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуучу үчүн керектөөчү тарабынан аткарылуучу иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жерлериндеги маалымат такталарына, ыйгарым укуктуу органдын digital.gov.kg расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат |
| Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат бекер көрсөтүлөт. Күбөлүктүн бланкы үчүн акы алынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пунктунун 2.2-пунктчасына ылайык бланктык продукциянын наркын көбөйтүү жагына сом менен наркын тегеректөө менен фактылык чыгымдарга карата белгиленет. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өтүнүчү боюнча катталган баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк акысыз берилет |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү;
- аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү;
- жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоо |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта берүү өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилбейт. Керектөөчү 2015-жылдан тартып туулгандыгы мамлекеттик катталган учурда, portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан туулгандыгы тууралуу маалымкатты басып чыгара алат. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы – 1 Кызмат көрсөтүү жол-жоболорун баштоо үчүн зарыл маалымат көпчүлүккө жеткиликтүү веб-баракчада бар |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз жана даттануу тартиби |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
| | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, керектөөчү белгиленген тартипте жогоруда турган органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алган адамдын атынан анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан даттануу берилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, арыз ээсинин аты-жөнүн, жооп жибериле турган почталык дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек.
Даттанууларды жана дооматтарды кароо “Административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |