МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 7-сессиясы
2021-жылдын 9-сентябры № 3
Момбеков айыл аймагындагы Эс алуу паркына Үсөн Сыдыковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Момбеков айыл өкмөтүнүн башчсынын орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл айылындагы Эс алуу паркына Үсөн Сыдыковдун ысымы ыйгарылсын
3. Эс алуу паркына ысымды ыйгаруу боюнча даярдалуучу документтерин даярдоо жагы социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субановага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субановага жүктѳлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
И. Абдыразак уулу |