Редакцияот 09.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

  Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 7-сессиясы

2021-жылдын 9-сентябры № 6

 

№ 2195-Кыла, 2453-Курулуш, 2388-Жазгак участкалык шайлоо комиссияларынын курамын толуктоо жана курамын  бекитүү жѳнүндѳ

 

Момбеков айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиялардын курамын толуктоо боюнча талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү жамааттардын протоколдорун карап жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби” жөнүндөгү жобону жетекчиликке алып, Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын 7-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Момбеков айыл аймагындагы № 2195-Кыла, 2453-Курулуш, № 2388-Жазгак участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитилсин.

2. Участкалык шайлоо комиссияларынын резервинин сапаттык курамы боюнча толук маалымат Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнө жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Ж Суяровага жүктѳлсүн.

 

  

Айылдык кеңештин

төрагасы

 

И. Абдыразак уулу