АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 13-сентябры № 21
Арал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү оз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык,Депутаттардын Аралайылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 14 штаттык бирдик болуп бекитилсин.
2. 2021жылга эмгек маяналарынын фонду бекитилип калгандыктан жаңы түзүлгөн кызмат ордуларына эмгек маяналарын каржылоо жагы 2022-жылдын бюджетинен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Талантбеков |