ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 21-отуруму
2024-жылдын 20-февралы № 21/3
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2024-2025-жылдарга карата жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык - коргоонун программаларын бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 21-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы эске алынсын.
2. 2024--жылдарга карата жергиликтүү жааматтын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун өнүгүү планы бекитилсин.(Тиркеме2).
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыз кылуу үчүн Ата-Мекендик , чет-элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу, муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл-чарба багытындагы кайра-бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурсттук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөттүн башчысына жана тиешелүү жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, инвестициялар , ишкердик кылуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсынбоюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Исмаилов. |