КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 1- уюштуруу отуруму
2021-жылдын 12-майы № 1/3
Корул айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 29-беренесинин 2-пунктуна таянып, Корул айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө эсептөө комиссиясынын № 3 протоколунун негизинде Корул айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча өткөрүлгөн жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын №3 протоколунун негизинде Корул айылдык кеңешинин төрагасын жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу бекитилсин.
2. Жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жалпы депутаттардын 100 пайыз добушун алган, Корул айылдык кеңешинин депутаты Нажимидин уулу Тазабек Корул айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.
Корул айылдык кеңештин улуу депутаты |
Кадыров А. |