АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 13-сентябры № 23/А
Талас райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланган айыл өкмөтүнүн социалдык - экономикалык жактан жогорулатууга багытталган долбоорлор жөнүндө
Талас райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланган айыл өкмөтүнүн социалдык - экономикалык жактан жогорулатууга багытталгандолбоорлордун шарттарын, максаттарын жана милдеттерин карап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланган айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан жогорулатууга багытталган төмөндөгүдөй долбоорду ишке ашырууга макулдук берилсин. Ал:
§ Айыл аймагына МТС база куруу;
2. Талас райондук өнүктүрүү фондусунан айыл өкмөтүнүн стратегиялык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду аткарууга 3477891 миң (3 миллион 477 миң 891) сом акча каражаты суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана долбоорду ишке ашыруу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысы А.Көчөрбаевге жүктөлсүн.
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Талантбеков |