Редакцияот 04.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 4-декабры № 28

Талас райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланган  айыл өкмөтүнүн социалдык - экономикалык  жактан  жогорулатууга  багытталган долбоор жөнүндө

          Талас райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланган  айыл өкмөтүнүн социалдык - экономикалык жактан   жогорулатууга  багытталган,  Депутаттардын Арал  айылдык  Кеңешинин 2021-жылдын  13-сентябрында  болуп өткөн VIII-чакырылышынын кезектеги  IV-  сессиясынын   № 23 токтому  менен макулдук  берилген  долбоорлор кароодон  өтпөй  калгандыгы тууралу  Арал  айыл өкмөтүнүн  башчысынын  билдирүүсүн угуп  жана  талкуулап чыгып, депутаттардын сын-пикирлерин  жана  сунуштарын эске  алуу  менен  Депутаттардын  Арал  айылдык  Кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги  V – сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Талас райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланган   айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан жогорулатууга багытталган төмөндөгүдөй  долбоорду  ишке ашырууга  макулдук  берилсин. Ал:

§  Айыл аймагына  МТС  база куруу;

2. Талас райондук өнүктүрүү фондусунан айыл өкмөтүнүн стратегиялык өнүгүүсүнө  багытталган  долбоорлорду  аткарууга  3199878 миң  (3 миллион 199 миң  878) сом акча каражаты суралсын.

3. Өндүрүштүк зарылдыкка  байланыштуу  бул токтомду  2021-жылдын  13-сентябрында  болуп өткөн Депутаттардын  Арал  айылдык Кеңешинин  VIII-чакырылышынын кезектеги  IV-   сессиясынын  № 23 токтому  катары  каттоого уруксат  берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана долбоорду ишке ашыруу жагы Арал  айыл өкмөтүнүн башчысы А.Көчөрбаевге  жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы:

 

К. Талантбеков