ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 21-отуруму
2024-жылдын 20-февралы № 21/5
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылынын “Ак Ниет” жана “Биримдик” жааматтарынын 23.08.2023-жылдагы чогулуштарынын протоколдорунун негизинде 2022-жылдын сентябрь айындагы Кыргыз-Тажик кагылышуусунда Ата-Мекенди коргоп жатып курман болгон Курманжан датка айылынын тургуну лейтенант Сулайманов Муктарбек Мырзакеевичтин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн ысымын Гүлчө айылынын Жеңиш аянтына ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 21-отуруму, кеңештин жооптуу катчысы Ч.Убукееванын баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Жеңиш аянтына Сулайманов Муктарбек Мырзакеевич атындагы Жеңиш аянты деп өзгөртүлсүн.
2. Жеңиш аянтынын ичинен маркум Сулайманов Муктарбек Мырзакеевичтин айкелин орнотуу үчүн бир жарым чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Маркум Сулайманов Муктарбек Мырзакеевичтин айкелин орнотуу үчүн чыгымдалган акча –каражаттары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Гүлчө айыл өкмөт башчысы С.Исаевге жана “Гүлчө-Парк” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Аттокуровго милдеттендирилсин.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын Мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага: | К.Исмаилов. |